Эркебаев Азат Абдыганиевич.

1979 ж. Москва шаарында туулган. Жогорку окуу жайын – Бишкек Гуманитардык университетин артыкчылык менен бүтүргөн,

1999-2001 жж. Кытай Эл Республикасынын Пекин Университетинде “Эл аралык мамилелер” факультетинде стажировка өткөн.

2011-2014 жж. Тышкы иштер Министрлигинин Дипломатиялык академиясынын “Эл аралык мамилелер” факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун

2001 ж. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер Министрлигинде Башкы саясий Башкармалыгынын Чыгыш өлкөлөр бөлүмүндө катчы-референт катары баштаган.

2002-2005 жж. Чыгыш өлкөлөр Департаментинин Атташе дипломаттык кызматында иштеген. 2005-2009 жж. Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилигинде Атташе дипломаттык кызматында, анын ичинде Консул кызматын аркалаган.

2009-2010 жж. Кыргыз Республикасынын Соода-Өнөржай Палатасынын Пекин шаарындагы Өкүлү болгон.

2011-2013 жж. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер Министрлигинин Кытай Эл Республикасындагы Синьцзян-Уйгур автоном районунун Урумчи шаарындагы Визалык пунктунда жетекчи болуп иштеген.

2013-2015 жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты, Эл аралык комитеттин төрагасынын коомдук кеңешчиси болгон.

2015-2021 жж. жеке ишкерчиликте. 2018 ж. азыркы кезге чейин «Жаңы жибек жолу» соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү Ассоциациясынын төрагасы.

2019 ж. Пекин шаарындагы Дүйнөлүк ЭКСПО Көргөзмөсүндө Азат Эркебаев уюштурган жана демөөрчүлүк кылган Кыргызстандын улуттук павильону 124 мамлекеттин ичинен 2 орунга – күмүш байгеге ээ болгон.

Сыйлыктары:

дипломаттык рангы, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер Министрлигинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба, тамак-аш өнөржайы жана мелиорация Министрлигинин «Айыл чарбасынын мыктысы» төш белгиси. 2020-21 жж. COVID-19 пандемиясынын учурунда калкка жана медицина кызматкерлерине кайрымдуулук жана демөөрчүлүк жардам көрсөткөндүгү үчүн Бишкек мэриясы, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ыраазычылык каттары берилген.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *