Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтомго кол койду.

Ага ылайык, аймактагы муниципалдык менчикте турган 47,7 гектар жер калктуу конуш макамын алды. Ошондой эле мамлекеттик бюджеттен каржылоо тизмесине киргизилип, шаар куруу документтерин иштеп чыгууга 5 млн сом бөлүнө турган болду.

Токтомду аткаруу милдети Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына, текшерүү милдети Президенттин администрациясы жана Министрлер кабинети чыгарган чечимдерди көзөмөлдөө башкармалыгына жүктөлдү.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 15-ноябрда Бишкек шаарындагы ТЭЦ–2 жанында пайда болгон конуштун жашоочулары менен жолугуп, жерди мыйзамдыштыруу тапшырмасын койгон.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *