Базар-Коргон районунун Беш-Бадам айылынын тургуну Чынаргүл Токторалиева 4 баласына жөлөк пул алуу үчүн документ тапшырып, кызматкерге акча бере албай калганы үчүн каражаттан кур калганын билдирди. Ал 2021-жылдын ноябрь айында Базар-Коргон райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнө пособияга документ тапшырган.

“4 балама былтыркы жылы пособия алып, аны кайрадан узартуу үчүн документтерин тапшыргам. 25-ноябрда социалдык өнүгүү бөлүмүнүн адисине жолугуп, бирок акча бербей коюпмун. Ошол боюнча жөлөк пул уланып жаткандыр деген ой менен январь айында акча алганы келсем, токтоп калыптыр. Кызматкерлерден келип сураштырсам менин документтеримди карап да коюшпартыр, ошол боюнча калып кетиптир. Акча бере албаганым үчүн ушундай болуп калды. Мурункусунда документтерди өткөрүш үчүн акча бергем. Элдин баары билет, эгер пособия алам десең сөзсүз акча беришиң керек, болбосо менин абалыма түшөт”,-деди Токторалиева.

Базар-Коргон райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнүн жетекчиси Мунарбек Калмаматов бул аялдын жагдайы териштирилип жатканын билдирет.

“Чынаргүл Токторалиева бул багытта 10-январда мага оозеки түрдө кайрылып, нааразычылык билдирип кетти. Жазуу түрүндө кат таштоону айткам, бирок жазбай кетиптир. Эми кайрадан жөлөк пул алуу үчүн былтыркы документтерин жаңылаш керек. Ал үчүн айыл өкмөттөн тактама алуусу кажет. Документтери толук болсо келерки айдан тартып кайрадан пособия ала баштайт. Кызматкерлер акча алат дегенге кошула албайм. Эгерде ошондой фактылар боюнча арыз берсе укук коргоо органдарына кайрылып, ал кызматкерди иштен бошотууга даярмын. ”

Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык турмуш шарты оор жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына ай сайын 850 сомдон пособия берилип турат. Мыйзам боюнча бул 1 жылга чектелип, андан соң үй-бүлө мүчөлөрү кайрадан каттоого турушу керек. Район боюнча 7700дөй үй-бүло оор шартта жашашат. Алардын 20 миңден ашык балдарына жөлөк пул чегерилген.

 

Булак: 7-kanal

0

Автор публикации

не в сети 1 месяц

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *