АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин консулдук бөлүмү 2021-жылдын 1-декабрынан тарта визалардын бардык түрүн берүүнү жандантат. Буга байланыштуу визалык интервьюларга кезекке туруу ачылат.
Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Визага байланыштуу маалыматтар менен бул шилтеме аркылуу тааныша аласыз.
8-ноябрдан тарта АКШга кирүү үчүн коюлган талаптар өзгөрөт. Чет элдик саякатчылардан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тизмесине кирген вакцина менен коронавируска каршы эмдөөнүн далилин көрсөтүү талап кылынат.