Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 10-январда ЖККУ Кеңешинин кезексиз жыйынына онлайн катышты. Анда Казакстандагы абал жана аны жөнгө салуу чаралары талкууланды.

Акылбек Жапаров соңку убакта маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда кыргызстандыктардын башаламандыктарга катышканы боюнча ар кандай кабарлар тарап жатканына тынчсыздануусун билдирди. Мындан улам ал Кыргызстан жарандарынын окуяга катышканы боюнча акыйкат, калыс иликтеп берүүнү Казакстан тараптан суранды.

Ошондой эле ал Казакстандагы башаламандыкка катышкан кылмыштуу топтордун ЖККУнун чек араларынан өтүп кетүү коркунучу бар экенин эскертти.

Акылбек Жапаровдун маалыматында, 7-январда 150 аскер кызматкер, 8 бронетехника жана 12 унаасы бар учак Казакстанга жөнөтүлгөн. Кырдаалды жөнгө салууда кыргыз тарап колдоо көрсөтүүнү уланта берет.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *