Алай районунун Гүлчө айылында 55 жаштагы адам өрттөн каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, сигнал кечээ саат 13.34тө келип түшкөн, бир сааттан кийин өрт өчүрүлгөн.
Өрт Нарматова көчөсүндөгү турак үйдө болгон.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.