21-декабрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралып, эки кылмыш иши жокко чыгарылды. Бул тууралуу «Маралга» Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматынын өкүлү билдирди.

Атамбаевден Калыс-Ордодогу мектеп жана он түрк жаранына паспорт берүү боюнча кылмыш иши алып салынды.

Белгилүү болгондой, ал бир жылдан ашык убакыттан бери камакта. Алмазбек Атамбаев жана президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов 2020-жылдын 10-октябрында кармалган. Жаңы Кылмыш-жаза кодексинин 115-беренеси жана 303-беренеси боюнча айыпталуучуну бир жылдан ашык СИЗОдо кармоого  болбойт.

Алмазбек Атамбаевге бир нече кылмыш иши козголгон, анын ичинде 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон башаламандык, коррупция, түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берүү жана 2020-жылдын октябрында массалык башаламандык уюштурган деген айып тагылган.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *