Телефону мыйзамсыз түрдө тыңшалган саясатчылар, депутаттар унчукпай калып жатканы өкүнүчтүү. Мындай пикирин юрист, «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова «Маралга» берген маегинде билдирди.

 

Анын айтымында, буга чейин далай адамдардын: депутаттардын, көрүнүктүү саясатчылардын, кийин мамлекет башына келген адамдардын телефондогу сүйлөшүүлөрү тарап кеткен учур болду.

«Бирок ошолордун бири да бул маселени көтөрүп чыккан жок. Бул сүйлөшүүнүн баары каяктан чыгып жатат, ким таратып жатат деген жок. Тыңшаган күндө да булар мыйзам боюнча кылмыш ишине тиешелүү нерсени гана тыңшап, калганын жок кылышы керек эле. Ал эч жакка тарабашы керек, чыкпашы керек. Булар тескерисинче маалымат топтоп алып, убакыт өткөндөн кийин ошол эле маалыматты саясий максатта, каралоо, компромат, шантаж максатында колдонуп жатышат. Бул терең сиңип калган ыкма болуп калды. Жеке адам жөнүндө кандайдыр бир терс маалымат чогултушат да, ошону менен шантаж кылып жатышат. 

Саясатчы болобу же жеке жаран болобу, эч ким, эч кандай шартта, эч кандай негиз менен бирөөнүн жашоосуна киришүүгө акысы жок Атайын кызмат киришүүсү мүмкүн, бирок соттун чечими менен гана. Ошол себептен мындай учурларды коомчулукка чыгаруу керек, ЖМКларга билдирүү керек. Резонанс жаратса, коопсуздук кызматтары бир аз тизгинин тартат эле», — деген ойдо Сооронкулова.

 

Ал мындай көрүнүш Бакиевдин убагында көп болуп келгенин, эми кайра кайталанып жатканын кошумчалады.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *