Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусундарда балдарды өнүктүрүү жаатында иштеген билим берүү мекемелери жана ишканалар үчүн конкурс жарыяланып, арыздарды кабыл алуу баштады.

Катышуучулар кесиптик бизнес-консультанттардын окутуу программасын бүтүрө алышат. Мындан тышкары, ийгиликтүү бүтүрүүчүлөр өз бизнесин өнүктүрүү үчүн 50 миң долларга чейинки инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгүн алышат.

Бизнес акселератору АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттиги (USAID) жана Ага Хан Фонду тарабынан каржыланган “Жергиликтүү өзгөрүү” долбоорунун алкагында уюштурулган.

Конкурска бала бакчалар, кошумча билим берүү мекемелери жана балдардын эрте өнүгүүсү үчүн билим берүү мекемелери катыша алат. Алардын кеминде бир жылдык иш тажрыйбасы жана жылдык кирешеси 250 миң сом болушу керек.

Конкурстун шарттары:

  • Конкурска катышуу үчүн, 15-майга чейин кечиктирбестен онлайн-анкетаны кыргыз же орус тилдеринде толтуруш керек – https://kg.accelerateprosperity.org/ecd
  • Белгиленген мөөнөттөн кийин толтурулган арыздар комиссия тарабынан каралбайт;
  • Конкурстун биринчи турунан өткөн ийгиликтүү талапкерлер гана тандоо комиссиясынын маегине чакырылат;
  • Жатакана, тамак-аш, транспорттук чыгымдар катышуучу тарабынан каржыланат;
  • Тандоо Бишкек шаарында өткөрүлөт.

Сынак жөнүндө толугураак маалымат үчүн: https://kg.accelerateprosperity.org/ecdsouth

 

 

Булак: maralfm

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *