Өкмөт Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн натыйжалуу шарттарды түзүү зарылдыгынан улам өзгөчө макам берүү чечимин кабыл алып, «Баткен облусунун макамы жөнүндө» мыйзамын коомдук талкууга чыгарды. Бул мыйзам Президенттин тапшырмасынын негизинде иштелип чыккан. Өзгөчө макамдын кандай артыкчылыктары бар? Бул чечим боюнча эл өкүлдөрү, коомдук ишмерлер кандай ойдо? 

Үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде «Баткен облусунун макамы жөнүндө» мыйзам долбоору Өкмөттүн расмий сайты аркылуу коомдук талкууга коюлду.

Коомчулуктан түшкөн сын-пикирлерди эске алуу менен мыйзам долбоор 3-майда толукталып иштелип чыгып, жактырылган. Андан кийин Жогорку Кеңеште кезексиз тартипте киргизилген. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Баткендеги Көк-Таш айылынын тургундары менен жолугушуусунда билдирди.

«Тийиштүү чечимге мен кол коюп, парламенттин кароосуна жөнөттүк. Ал кабыл алынган соң, Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болот, анда салык жеңилдиктери да каралат. Негизинен эле элге жумуш берүү, майда, кичи ишканаларды өнүктүрүп, жергиликтүү тургундар бир аз болсо дагы айлык алып жашоо деңгээли көтөрүлүшү керек», — деди Өкмөт башчы.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев аталган мыйзам парламентке келип түшкөнү боюнча маалыматы жоктугун, мыйзам долбоору менен тааныша электигин айтты. Нурбаевдин пикиринде, Баткенге өзгөчө макам берип, акча бөлүү зарыл.

«Мен ал мыйзам боюнча маалымат каражаттарынан эле окудум, бирок бизге келгенин көрө элекмин, тааныша элекмин да. Албетте Баткенге статус берилип, каралышы керек. Эң биринчиден, статус берилгенден кийин акча каражаты бөлүнүшү керек. Андан кийин Баткен облусунун губернаторуна Баткендеги жетекчилерди жумушка коюуда, алууда толук ыйгарым укук берилиши керек. Ошондой эле децентрализация саясаты жүрүшү керек жана облусту өнүктүрүүгө климат киргизсе, бул климатты жакшыртууга шарт түзүлүшү керек», — деди Нурбаев.

Бул мыйзам мурунтан бери көтөрүлүп, бирок ишке ашпай келгенин коомдук ишмер Ашырбай Жусупов билдирди. Анын айтымында, макам киргизилери менен облус жетекчисинин ыйгарым укуктары күчтөндүрүлүп, көз карандысыз ыкчам чечимдерди кабыл алууга шарт түзүлөт. Азыркы жетекчи бийликте отургандарга көз каранды болуп, эч кандай чечим кабыл ала албайт. Мындан улам чек ара чатагында чечкиндүү кадамдарга барбай, Баткендин эли азыркы кыйынчылыктарды башынан өткөрүүдө. Эгерде өзгөчө макам берилсе, көп көйгөйлөр чечилип, артыкчылыктар кыйла көбөймөк.

 

Булак: maralfm

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *