27-августта президент Садыр Жапаров Баткен облусуна иш сапары менен барып, анда кыргыз-тажик чек арасында тажиктердин кол салуусунан жабыркаган Лейлек районунун Максат айылынын тургундарына жаңы курулган үйлөрдү тапшырды.Жалпысынан Лейлек районунун Максат айылында 84 үй-бүлө жаңы үйгө көчүп киришти.

 

Буга чейин президент 6-майдагы Максат айылына болгон иш сапарында кол салуудан жабыркаган бир да үй-бүлө колдоосуз калбай турганын билдирген болчу.

 

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушуусунда аларды эгемендиктин 30 жылдыгы жана жаңы конушка кириши менен куттуктады.

 

Ошондой эле ал жаңы үйлөрдө дайыма тынчтык жана ынтымак болушун, аталган үйлөрдө патриот, кыргыз эли үчүн кызмат кылган уул-кыздардын өсүп чыгуусун каалады. Баткен районунда курулушу бүтө элек дагы кыркка жакын үй сентябрдын ортолорунда толук бүтө турганын маалымдады.

 

Мындан сырткары мамлекет башчысы жергиликтүү тургундарды эч нерседен коркпой жашоосун улантууга чакырып, алардын коопсуздугун толугу менен мамлекет коргой турганын белгиледи.

 

Эске салсак, 28-апрелде Баткен районунун чек арада жайгашкан Көк-Таш айылында Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына тажик тараптын видео көзөмөлдөөчү камераларды орнотуусу менен башталган чыр 29-апрелдин кечинде тажик тараптын Баткен облусунун Лейлек районуна куралдуу кол салуусу менен уланган. Чек арадагы абал 1-май күнү түштөн кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жолугуп, протоктол кабыл алышкандан кийин гана турукташкан.

 

28-29-30-апрелде Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 36 кыргызстандык курман болуп, 154 адам жаракат алган. 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык обьект, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана талкаланган. Ал эми Тажикстан тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылган.

 

Булак: maralfm

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *