1966-жылдын 2-марттында Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районундагы Кашка-Суу айылында төрөлгөн.
Жогорку билимдүү. 2002-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университеттигн Юридикалык факультетин бүтүргөн.
2005-жылы «Хазрети Осмон» атындагы Ислам Институтун аяктаган.
2008-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинде экономика факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1987-жылы Алай районунун Сельхоз энергиясында айдоочу болуп иштеп баштаган.
1994-1996-жылдары – «Саякат» ЖЧКсын жетектеген;
1996-2004-жылдары – «Кырчын» ЖЧКнын директору;
2004-2012-жылдары – «Север-Югойл» ЖЧКнын менеджери;
2012-2020-жылдары – «Север-Югойл» ЖЧКнын директору;
2020-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты;
Үй-бүлөлүү, 4 уул, 1 кыздын атасы.