Жогорку Кеңештин 6-чакырышынын депутаты Аккулу Бердиев: Кыска убакыт ичинде элим үчүн аз да болсо кызмат кылууга жетиштим. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына билдирди.

Анда экс депутат сыйлык алганын жана ал сыйлыгын өзүнүкү эмес элдики экенин билдирген.

«Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын спикерлигине Талант Мамытов шайланып келди жана өз сыйлыктарын тапшырды.
Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйландым.
Кыска убакыт ичинде элим үчүн аз да болсо кызмат кылууга жетиштим.
Бул сыйлык- жалпы элимдин сыйлыгы. Анткени, эмгегим ар дайым сиздер үчүн. Сиздердин колдооңуздар менен жетишкен ийгилик экенин баса белгилеп айта аламын.
Ар бириңиздерге бекем ден соолук, ийгилик каалап, ыраазычылык билдирем.» — деп билдирди Аккулу Бердиев.

Эске салсак Бердиев эл өкүлү болгонуна аз убакыт болсо да көптөгөн орчундуу көйгөйлөрдү көтөрүп эл эсинде калганы менен белгилүү.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *