Бишкек шаарынын 4 районунда тең «Бир бизнес — бир үй-бүлө» долбоору иштеп жатат. Бул тууралуу Ленин районунун акиминин орун басары Алтынбек Маматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда жардамга муктаж жарандар абдан көп болууда. Бишкек шаарынын ар бир райондук администрациясында соцтармак бөлүмдөрү иштейт. Алар  жашоо-шарты начар жарандарга бир жылда бир жолу материалдык жардам көрсөтө алышат.

«Андан тышкары, биздин райондо «Азия молл» сыяктуу көп соода борборлору, курулуш компаниялары жайгашкан. Биз аларды «Бир бизнес- бир үй-бүлө» деген долбоорубуздун алкагында өзүбүзгө чакырып, бир үй-бүлөнү бекитип беребиз. Ленин районунда болгон секциялар, тил үйрөтүү курстары менен сүйлөшүп, толук, же жарым-жартылай жетимдерди  бекер окутуп беришине шарт түзүп жатабыз», — дейт ал.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *