Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын ишкерлик субъектилеринин укугун, эркиндигин жана мыйзамдык кызыкчылыктарын колдоо боюнча ыйгарым укуктуу жак (Бизнес-омбудсмен) Робин Орд-Смит менен жолугушту.

Өкмөт башчы өлкөнүн айрым экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, COVID-19 пандемиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине айрым өзгөртүүлөрдү жана түзөтүүлөрдү киргизгендигин белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан олуттуу иштер аткарылды жана бүгүнкү күндө ишкерлик субъектилеринин экономикалык активдүүлүгүн калыбына келтирүүгө, кичи жана орто бизнести колдоого багытталган сунушталган чаралардын оңдуу натиыйжаларын байкоого болот», – деп билдирди Кубатбек Боронов.

Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар маанилүү маселелер талкууланды, анын катарында Бизнес-омбудсмен институтун күчтөндүрүү, институттун мындан аркы кадамдары, «Ишкерлик субъектилеринин укугун, эркиндигин жана мыйзамдык кызыкчылыктарын колдоо боюнча ыйгарым укуктуу жак (Бизнес-омбудсмен) жөнүндө» Мыйзамды иштеп чыгуу жана кабыл алууга тийиштүү маселелер талкууга алынды.

Робин Орд-Смит Өкмөт башчыга Бизнес-омбудсмен институтунун алгачкы айдагы иштери жана негизги жыйынтыгы жана корутундусу тууралуу маалымат берди.

«Биз мамлекеттик органдар тарабынан институт тарабынан кароого алынган бир катар иштер боюнча жогорку деңгээлдеги өз-ара аракеттешүүнү байкоодобуз. Албетте, сурама маалыматтарга кайдыгер мамиле жасаган жана кызматташуга кызыкдар эместигин көрсөткөн мамлекеттик органдар да бар, ошол эле учурда институт мамлекеттик органдардын оппоненти эмес, ишкерлер үчүн маанилүү милдеттерди чечүүдө өнөктөш катары чыгат», – деди Робин Орд-Смит.

Ал белгилегендей, короновирус инфекциясынын пандемиясы институттун ишине түзөтүүлөрдү киргизди, муну эске алуу менен бүгүнкү күндө институт маанилүү багыттар, анын ичинде инвестициялык жана бизнес-чөйрөнү жакшыртуу максатында мыйзамды өркүндөтүү үчүн сунуштарды иштеп чыгуу боюнча биргелешкен ишти күчтөндүрүү боюнча даярдыгын билдирет.

Өз кезегинде Кубатбек Боронов белгилегендей, Бизнес-омбудсмен институтунун мыйзамга тийиштүү толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жаатында сунуштарды иштеп чыгуу боюнча артыкчылыктуу багыттар боюнча жумушчу топтун ишине активдүү катышуу чечимин колдоого алат, анын максаты бизнестин мамлекеттик органдар менен өз-ара аракеттешүүсүндө ыкчамдыкты, ачык-айкындуулукту камсыздоо болуп саналат, аталган сунуштар институт тарабынан 2020-жылдын 27-августунда өткөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында сунушталган.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *