Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы «Жалпы аскердик милдет жана аскердик кызмат тууралуу» мыйзамдын жаңы редакциясын жактырды. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.
Ага ылайык, эми жыл сайын аскер курагындагылардын 10% армияга чакырылат. Калган жарандар акча төлөп, бир ай кызмат өтөгөндөн кийин аскердик билет алышса болот.
Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн авторлору мындай чара резервисттердин санын көбөйтөт деп эсептешүүдө.
Азырынча бир айлык армияда кызмат өтөөнүн баасы айтыла элек. Өкмөт эки айдын ичинде тиешелүү мыйзамдар менен токтомдорго өзгөртүүлөрдү киргизип, аскердик кызматты тездетилген түрдө өтөөнүн баасын аныкташы керек.
Тажикстанда армияга чакыруу өнөктүгү жылына эки жолу – жазында жана күзүндө болот. Анын жүрүшүндө өспүрүмдөрдү көчөдөн же үйүнөн кармап, мажбурлап аскерге алып кеткен учурлар көп кездешет.
Булак: maralfm
0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *