Ыкчам чара көрүү координациялык тобу Гүлчөдөгү шайлоочулардын добушун сатып алуу фактылары боюнча маалыматты текшере баштады. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалды.

Маалым болгондой, КГОРго “Азаттык” саясий партиясы тарабынан шайлоо мыйзамдары бузулгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«Тактап айтканда, 4-ноябрда Гүлчө айылында аталган партиянын өкүлдөрү менен шайлоочулардын жолугушуусу болуп өткөнү көрсөтүлгөн. Жолугушуудан кийин келгендерге кайрымдуулук сый тамак уюштурулуп, айылдагы май куюучу жайлардан бекер бензинге талондор берилди. КГОРго жөнөтүлгөн видео жана аудиотасмаларда Гүлчө айылынын тургундары май куюучу станциялардагы активдүүлүктүн себебин талкуулап, саясий партия тууралуу эки ача пикирлерин билдиришүүдө», — деп белгилейт БШКдан.

Маалыматтар фактыларды тактоо жана юридикалык баа берүү үчүн ИИМге жана Алай ИИБнын No11 КГОРуна жөнөтүлгөн.

Эске сала кетсек, шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бирдиктүү шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча мажоритардык система боюнча шайланат.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *