БШК шайлоо өнөктүгү учурунда санитардык талаптарды сактабоо жоопкерчиликке алып келерин эскертти. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, шайлоо алдындагы үгүт иштеринде БШК Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте иштеп чыккан алгоритм сакталышы керек. Тактап айтканда, үгүт материалдарын (брошюралар, гезиттер, компакт-дисктер, желектер, төш белгилер жана башкалар) бет кап жана бир жолу колдонулуучу кол каптар менен гана таратууга болот.

«Телевизия, радио, аудио жана видео форматтарды колдонуу менен үгүт иш-чараларын онлайн режиминде өткөрүү сунушталат. Оффлайн жолугушуулар – адамдардын массалык чогулушуна жол бербөө боюнча талаптарды эске алуу менен ачык абада (ачык асман алдында) өткөрүлөт», — деп белгиледи БШК.

Мында талапкерлер, саясий партиялар жыйындарды имараттын ичинде да, андан тышкары жерлерде да өткөрүүдө биринчи кезекте мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн аймактык органдарына чогулуштарды өткөрүү орду жана убактысы жөнүндө кабарлоого жана төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:

  • шайлоочулар менен жолугушуу үчүн жайларды алдын ала кылдаттык менен нымдуу тазалоону жана дезинфекциялоону жүргүзүү;
  • шайлоочулар менен жолугушуу үчүн жайга/аймакка кире бериште үгүттүн катышуучуларынын температурасын контактсыз көзөмөлдөө;
  • үгүт иш-чарасынын катышуучуларынын колдорун имараттын/аймактын кире беришинде антисептиктер менен иштетүү;
  • үгүт иш-чарасынын бүткүл мезгилинде бардык катышуучулардын беткаптарды, кол каптарды жана башка жеке коргонуу каражаттарын колдонуусу;
  • үгүт иш-чарасынын катышуучуларынын ортосундагы аралыкты сактоо — 1,5-2 метрден кем эмес;
  • абаны дезинфекциялоо үчүн рециркуляторду орнотуу, эгерде алар жок болсо, бөлмөнү ар бир 30 мүнөт сайын 15 мүнөттө желдетип туруу милдеттүү. Эгерде сырткы чөйрөнүн температурасы 18 градустан жогору болсо, вентиляцияны эске албаганда, жайларды туруктуу желдетүүнү камсыз кылуу.

«Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жарандардын ден соолугун коргоо боюнча иш-аракеттердин алгоритми шайлоо процессинин бардык катышуучулары тарабынан так сакталышы керек. Талаптарды аткарбоо мыйзамдарда, анын ичинде Бузуулар жөнүндө кодексте каралган жоопкерчиликке алып келет”, — деп белгиледи БШК.

Шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бирдиктүү шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча мажоритардык система боюнча шайланат.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *