30-ноябрь саат 18:50гө карата Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетендердин 29%ы кол санактан өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалыматка ылайык, 2494 шайлоо тилкесинин 724үндө бюллетендер саналды.

Кол менен саналган бюллетендердин алдын ала жыйынтыгында

  • «Ата-Журт Кыргызстан» 14.59%,
  • «Ынтымак» 13,83%,
  • «Ишеним» 11,95%,
  • «Ыйман Нуру» 7,53%,
  • «Альянс» 6,96%,
  • «Эл үмүтү» 6,03%,
  • «Бүтүн Кыргызстан» 5,83% добуш менен алдыда келе жатат.

Эскерте кетсек, шайлоо тилкелериндеги добуштар колго эсептелип жаткандыктан маалыматтар өзгөрүп турат.

Автоматтык эсептөө үкөктөрү (АСУ) добуштардын 97,59 %ын эсептеп чыккан. Анда «Эл үмүтү» партиясы беш пайыздык босогону ашып өткөн эмес.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо өттү. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет. Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышты.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *