Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылынын кире беришине флагшток орнотулуп, Кыргызстандын желеги илинди. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, флагштоктун узундугу 33 метр, ал эми желектин узундугу 10, туурасы 5 метрди түзөт.

Кыргызстандын туусун Гүлчө айылында жайгашкан №92843 аскер бөлүгүнүн кызматкерлери салтанаттуу түрдө көтөрүштү.

Салтанатка Зиядин Жамалдинов, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, жергиликтүү тургундар, аткаминерлер жана ишкерлер катышышты.

Белгилей кетсек, буга чейин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов аймактагы 7 райондордун кире беришине Флагштокторду орнотуу тапшырмасын берген.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *