Ош оластына караштуу Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы  Кулдатканын коргонуна  «Ачык асман» музейи курулат. Бул тууралу аталган райондун админстарциясы кабарлады.

Айтымында  «Ачык асман» музейи курулуусуна элдерден тарыхый буюмдарды чогултуу иштери жүрүп жатканы айтылат.

«Урматтуу Чоң-Алай районунун тургундары!

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой 2022-жыл Чоң-Алай району өзүнчө район болуп түзүлгөнүнө 30 жыл толот. Райондун 30 жылдык майрамын жогорку деңгээлде өткөрүү максатында бир топ иш-чаралар пландалып, аракеттер көрүлүүдө.

Райондун аймагында туризмди өнүктүрүү максатында Дароот-Коргондогу Кулдатканын коргонунун ичине «Ачык асман» музейин уюштуруу пландаштырылган. Ошондуктан ар бир жаран колдон келген жардамдарды аябастан, эл ичиндеги тарыхый буюмдарды чогултууга жардам берип, өз салымыңыздарды кошуңуздар. Сиздерден чогулган тарыхый буюмдарды сактоо үчүн жооптуу кызматкерлер бар.

Чогултулган буюмдар бекитилген комиссия тарабынан Актынын негизинде кабыл алынат.

Байланыш үчүн 0772 88 03 45 ушул номерге кайрылсаңыздар болот.

Район үчүн кайдыгер карабаган инсандар тарыхый буюмдарды чогултууга жардам берет деп ишенебиз.»

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *