Учурда республиканын аймагында ЭККМК кызматкерлери дары-дармек каражаттарына жана медбуюмдарга бааны негизсиз кымбаттатууну жоюуга багытталган туруктуу түрдө рейддик чараларды көрүүдө.

Мындан улам, тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө айрым жеке тараптар дары-дармектерди кымбат баада сатып жатканы аныкталган, муну менен алар мыйзамсыз негизде (тийиштүү лицензиясыз) учурда орун алган дүрбөлөңдөн жана дары-дармек каражататтарынын жетишсиздигинен пайдаланып, акча табууну көздөшкөн.
Аталган факт Финансы полициясы тарабынан мындан аркы контролдук сатып алууларды жүргүзүү үчүн негиз болуп берди.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында контролдук сатып алуулар жүргүзүлдү, анда атайын уруксат кагаздары жок жеке тараптардын дары-дармектерди кымбаттаган баада сатып жаткандыгы боюнча бир катар фактыларды табышты.

Финполициянын кызматкерлери “Клексан” дарысын шаардын бир нече жеринен 8 миңден 14 миң сомго чейин кымбаттатып жиберген учурларын аныкташты.

Азыркы учурда аныкталган адамдарга (алып сатарларга) карата сотко чейинки өндүрүш иштери башталды, жыйынтыгы боюнча катыштыгы бар адамдардын аракеттерине тийиштүү укуктук баалар берилип, процессуалдык чечимдер чыгарылат.

Финполиция жашоого маанилүү дары-дармектерди баасынан ашыкча кымбаттатып сатуу менен алектенген кара ниет “кызыл кулак” жарандарды учурдагы жагдайды пайдаланбоону жана элдин эсебинен “байып” кетпөөнү эскертет.

Алып сатарлык фактыларына катуу бөгөт коюлат!
COVID-19: Республикалык штаб

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *