Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттин 6-октябрдагы жыйынында күз-кыш мезгилине даярдык маселелерин көтөрүштү.

 

Алар аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн парламентке келип, кышка даярдык тууралуу маалымат берүүсүн талап кылышты.

 

Депутат Дастан Бекешев электр энергиясы кайсы мамлекеттерден сатып алынып жатканы тууралуу так маалымат берүүнү өтүндү. Себеби Энергетика министрлиги өткөн жумада Тажикстандан электр энергиясы сатып алына баштаганын билдирген. Бирок тажик тарап Кыргызстанга электр энергиясы сатылып жатканын четке каккан кабарлар тарады.

 

—Кыргызстандын өкмөтү Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Орусиядан электр энергиясын сатып алып жатканын билдирүүдө. Жакында Тажикстандан да алынары айтылган. Бирок тажик тарап биз эч кандай электр энергиясын кыргыз тарапка саткан жокпуз деп жатат. Парламентте бул боюнча так маалымат жок. Бизден сурап жатышат. Өкмөт бизди, элди алдап жатабы? Бул жакка келип, так маалымат беришсин.

 

Кыргызстанда 6-октябрда абанын температурасы төмөндөп, өлкөнүн бардык аймактарында жаан, кар жаады. Айрым аймактарда үшүк жүрдү. Буга байланыштуу эл өкүлү Айбек Осмонов социалдык объектилердин кышка даярдыгы тууралуу маалымат угууну талап кылды.

 

-Мектептерде, бала бакчалардын кышка даярдыгы кандай? Биздин балдар үшүп калбайбы? Мына бүгүнтөн тарта кар жаап, суук башталды.

 

Унаа жолдордо жана ашууларда октябрдын башында эле кар жааган. Азыр ашуулар аркылуу каттоо бир топ кыйынчылыкты жаратууда.

 

Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов кийинки жумада Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде күз-кышка даярдык тууралуу маалыматтар айтыларын билдирди.

 

«Кышка даярдык боюнча ушул жуманын аягында, кийинки жуманын башында Министрлер кабинетинен келип, маалымат беришет«,-деди Абытов.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-7-октябрда Кыргызстандын айрым аймактарында үшүк жүрөрүн кабарлады. Үшүк Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жүрөт.

 

Үшүк жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып бирок үстү жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *