Facebook кызматтарындагы ири масштабдагы иштен чыгуунун фонунда бир күндө Telegram мессенжерине 70 миллиондон ашык жаңы колдонуучулар катталганын Telegram мессенжердин негиздөөчүсү Павел Дуров өзүнүн Telegram каналында билдирди.
“Кечээ Telegram колдонуучуларды каттоонун жана колдонуучулардын активдүүлүгүнүн рекорддук өсүшүн көрдү. … Биз башка платформалардан 70 миллиондон ашык качкандарды бир күндө жылуу кабыл алдык”, – деп жазган Дуров өзүнүн Telegram -каналында.
Дүйшөмбү күнү Facebook, Instagram, WhatsApp жана компанияга таандык бир катар тиркемелер дээрлик жети саат бою колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болгон эмес. Анын себеби, алдын ала маалыматтар боюнча, программалык камсыздоону жаңыртуудагы каталар болгон.