CEOWORLD журналы «Дүйнө өлкөлөрүнүн 2020-жылдагы билим берүүсү боюнча» чыгарган рейтингде Кыргызстан 55-орунду ээледи.

 

Журнал өз рейтингин дүйнөнүн 93 мамлекетиндеги билим берүү системасын салыштырып көрүп, сапат жана мүмкүнчүлүк деген категориялар аркылуу иликтеп чыгарган. Бул параметрлерди баалоодо изилдөөчүлөр үч категориянын бирине кирген 16 көрсөткүчтү карап чыккан. Ар бир көрсөткүч 100 упайлык ченемде бааланган.

Анын негизинде Кыргызстан сапат боюнча 100 упайдын 52,6сын, ал эми мүмкүнчүлүк боюнча 44,4 упай алган.

Рейтингде биринчи катарды Улуу Британия, экинчи катарды АКШ, үчүнчү катарды Австралия ээлеген.

Ал эми иликтөөгө катышкан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Орусия 36-катарга, Кыргызстан 55-катарга, Казакстан 62-катарга, Азербайжан 69-катарга, Түркмөнстан 86-катарга жайгашкан.

Белгилеп кете турган жагдай, катышкан өлкөлөрдүн бири да 100 же 90 упайлык көрсөткүчкө жеткен эмес. Эң биринчи делген Улуу Британия Бириккен Королдугу сапат боюнча 78,2 упай, мүмкүнчүлүк боюнча 68,8 упай алган. Буга пандемиядан улам аралыктан окуу да таасир этиши мүмкүн экенин божомолдошот иликтөөчүлөр.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *