Алоэ верасы бар каражаттарды күнгө чыгаардан мурун териге сүйкөөгө болбойт, анткени залалдуу шишик пайда болушу мүмкүн, деп билдирди Россиянын эмгек сиңирген дарыгери, теле алып баруучу Елена Малышева «Жить Здорово!» Программасынын эфиринде. Биринчи каналдан.

Анын айтымында, бул өсүмдүктүн целлюлозасы 98% суудан турат, калган 2% полисахариддер. Алоэнин «дарылык касиеттери» боюнча тастыкталган медициналык далилдер жок, деп кошумчалады дарыгер.

 

Малышева илимпоздор  чычкандардын терисине бир жыл бою алоэ сүрткөн изилдөө жөнүндө айтып берди. Көрсө, бул фотосенсибилизацияланышынан улам, клеткалуу рак оорусунун пайда болуу ыктымалдыгы жогорулаган .

Андан кийин, Америкалык онкологиялык изилдөө ассоциациясы (AACR) жаңы алоэни потенциалдуу кооптуу жана канцерогендик, башкача айтканда, рак оорусун козгоочу деп эсептей баштады.

Теле алып баруучу мындай эксперименттерге адамдардын катышуусу этикалык жагдайлардан улам каралбай калгандыгын түшүндүрдү. Ошол эле учурда, ал көрүүчүлөрдү «өздөрүнө эксперимент жасабоого» үндөдү.

«Эгер сиз алоэ вера кремдерин жакшы көрсөңүз, колуңузду, бетиңизди жана башка жерлериңизди майласаңыз, анда жок дегенде билишиңиз керек, балким, күн ушул бетке тийгенде рак оорусуна чалдыгуу коркунучу жогорулайт», — деп жыйынтыктады ал.

0

Автор публикации

не в сети 1 месяц

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *