Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ) Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстан менен Тажикстанда аскердик машыгуу өткөрөт. Бул тууралуу ЖККУнун маалымат катчысы Владимир Зайнетдинов билдиргенин «Интерфакс» агенттиги жазды.

 

«Бул пландалган машыгуу. Бир нече миңдеген аскер кызматкери катышарын күтүп жатабыз», — деген Зайнетдинов.

Маалым болгондой, ЖККУнун Кыргызстандагы аскердик машыгуусу 7-9-сентябрда «Чек ара-2021» деген аталышта өтөт.

Ал эми октябрь айында Тажикстандын Ооганстан менен чектеш аймагында «Издөө-2021» жана «Эшелон-2021» деген аталыштарда эки ирет аскердик машыгуу болот. Ошондой эле ноябрь айында ушул эле өлкөдө «Кобальт-2021» аталышындагы атайын-тактикалык машыгуу өтөрү болжолдонуп жатканын айткан маалымат катчы.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *