Башкы прокурор Курманкул Зулушев Кылмыш-Жаза, Кылмыш-жаза процессуалдык, Укук бузуулар жөнүндө кодекстерин иштеп чыккан эксперттик жумушчу топтун курамын, илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кабыл алды.

Жолугушууда 1-декабрдан тарта күчүнө кирген кодекстердин иш жүзүндө колдонулуп жатканы талкууга алынды. Жумушчу топтун мүчөлөрү кодекстерди иштеп чыгуудагы урунттуу учурларга токтолушуп, жасалган эмгектин жыйынтыгына канааттангандарын билдиришти.

Зулушев эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрүнө жасаган зор эмгектери үчүн ыраазычылык билдирип, жаңы басылып чыккан кодекстер белек катары тапшырылды.

Ошондой эле Жогорку Сотттун жетекчилигине Кылмыш-Жаза, Кылмыш-жаза процессуалдык, Укук бузуулар жөнүндө кодекстеринин 400 нускасы берилди.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *