Урматтуу журтташтарым!

2021 жылдын 28 ноябрында Жогорку Кенешке шайлоо өтөт. Бул күнү ар бир Кыргызстандык, анын ичинде сиздер өз укугуңуздарды пайдаланып, Кыргыз Парламентине өз өкүлүңүздөрдү шайлап аласыздар. Мен ИШЕНИМ партиясынан  талапкер, Чоң-Алай жөнүндө ойлорумду, көздөгөн максаттарымды сиздерге айта кетейин.

— Чоң-Алай районунун статусун сактап калуу.

— Чоң-Алай районунун айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү.

— «Кыргызстан-Кытай» газ куру (газопровод) долбоорун ишке ашырууда Чоң-Алай жана Алай райондорунун кызыкчылыктарын эске алуу жана газ транзитинен кирешеден Чоң-Алай жана Алай райондоруна 10% өзгөчө салык бөлүнүп, социалдык пакетти караштыруу.

— Чоң-Алай районунан Фергана өрөөнүнө чыгууга Дароот-Коргон–Үч-Коргон автожолун оңдоп,  реконструкциялоо долбоорун жандандыруу, ишке ашыруу.

— «Карамык» өткөрмөсүнө (постун) «эл аралык өткөрмө пункту» статусун алып берүү аркылуу Кыргызстан жана Тажикстандын мамилелерин өнүктүрүү, соода-экономикалык байланыштарын күчөтүү.

— Чоң-Алай районунундагы кен-байлыктарды, айрыкча Кара-Казык алтын кенин иштетүүдө жаралган көйгөйлүү маселелерге тыкыр көз салып, экологиялык нормалардын сакталышын, жумушчулардын шарттарын Эмгек кодексинин негизинде иш алып баруусун көзөмөлгө алуу, кендерди иштетүүдөн түшкөн каражаттардан түзүлгөн районду өнүктүрүү фондунун сарамжалдуу, эффективдүү жана ар бир айыл өкмөттүн кызыкчылыктарын, муктаждыктарын эске алуу менен иш жүргүзүүсүнө көмөктөшүү.

— Чоң-Алай районунун айыл-чарба тармагын өнүктүрүүгө салым кошуп, малдын жүнүн жана терисин өткөзүп, кошумча киреше табууга шарттарды түзүү; малчылыкта сандан сапатка өтүп эт, сүт  жана жүн породасындагы асыл тукум малды багууга өтүүгө шарттарды түзүү; Чон-Алайдын бренди болгон картошканы, балды кошуна өлкөлөргө, Кытайдын базарына экспорттоону колго алуу.

— Чоң-Алай жана Алай райондорунун ишкерлерине жеңилдетилген насыя, гранттарды тартуу аркылуу бизнести колдоо, өндүрүштү, туризмди өнүктүрүү.

— Чоң-Алай жана Алай райондорунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор өбөлгө түзчү «Алай» өзгөчө экономикалык аймак долбоорун ишке ашыруу менен, тогуз жолдун тоому болгон Сары-Таш аймагында Эл аралык соода борборун курууга инвестиция тартуу. Бул долбоор Чоң-Алай, Алай  райондорунун Борбордук Азияда саясий, экономикалык стратегиялык ордун көтөрүп, маанисин жогорулатат.

— 2022-2023 жылдары Кашка-Суу жана Ачык-Суу айылдарындагы орто мектептердин жаңы имараттарын куруп бүтүрүү.

 

Урматтуу мекендешим! Бул жөн гана шайлоо эмес, чынында Кыргызстандын тагдырын чечүүчү, жергебиздин келечегин аныктоочу жана кийинки муундарга кандай мамлекетти калтырабыз деген суроого жооп берүүчү мааниси эбегейсиз улуу күн болмокчу. Андыктан сиздерди бийик ой максаттарды коюп, келечегибизди ойлоп, ыйманыңыздар менен кеңешип Кыргызстандын жаркын эртеңи үчүн бизге ИШЕНИМ көргөзүп, добушуңуздарды берүүгө чакырам.

 

Урматтоом менен Азат Эркебаев

 

(Бардык талапкерлер берген материалдардын тексти өзгөртүүсүз берилди)

Урматтуу окурман бардык талапкерлер боюнча чыккан саясий материалдар биздин сайттын көз карашын билдирбейт)

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *