22-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп берди.

Мыйзам долбооруна добуш берүүгө катталган 106 депутаттын 99у макул, жетөө каршы болду.

Өткөн жумада бул мыйзам долбоору парламентте талкууланып, бирок добушка коюлган эмес. Депутаттардын басымдуу бөлүгү ага каршы ойлорун айтышкан.

Кечээ, 21-июлда президент Садыр Жапаров депутаттар менен жолугушуп, ушул шайлоо мыйзамын талкуулаган. Ошол жолугушуудан кийин шайлоо мыйзамына биринчи окууда добуш берилди.

“Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзам долбоорун президент Садыр Жапаров сунуштаган. Аны президенттин буйругу менен түзүлгөн жумушчу-эксперттик топ иштеп чыккан, автору катары өлкө башчы көрсөтүлгөн.

Мыйзам долбооруна ылайык, 90 депутатты аралаш система менен шайлоо үчүн жаңы система киргизүү сунушталды.

35 депутат бир мандаттуу округда мажоритардык система менен, 55 депутат бирдиктүү шайлоо округу боюнча пропорционалдык система менен шайланат.

Партиялар үчүн босого чек 3% деп белгиленди. Ошондой эле талапкер өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жана партиялар тарабынан да көрсөтүлүшү мүмкүн.

Партиянын талапкерлерин партия гана көрсөтө алат. Аймактык босого 0,7% дан 0,3% га чейин төмөндөтүлдү.

Бир мандаттуу талапкерлердин шайлоо фондунун жогорку суммасы 10 миллион сомдон ашпайт.

Эгер депутат мандатын тапшырса кайра шайлоо эки ай ичинде дайындалат.

Талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен норма боюнча, өзүнүн, туугандарынын кирешеси, мүлкү жөнүндө отчет бериши керек.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *