Кыргызстандагы жогорку жана орто окуу жайларда жаңы окуу жылы аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн форматта башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, коронавирус инфекциясынын жайылышынын тобокелдиктерин азайтуу максатында жогорку жана орто кесиптик окуу жайларда (менчигинин түрүнө карабай) аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен окуу жылы онлайн режимде башталышы тууралуу чечим чыгарды.

Окуу процесси автоматташтырылган маалыматтык системасы, ZOOM, Google classroom, MOODLE, Academic Affairs маалыматтык системалары, ошондой эле Whatsapp, Skype, электрондук почтанын, өздүк электрондук китепканаларынын ресурстарын, Kirlibnet электрондук китепканасынын ресурстарын колдонуу менен онлайн форматта уюштурулат.

Азыркы учурда ЖОЖ жана колледждердин окутуучулары үчүн методикалык жана техникалык колдоо уюштурулду.

Министрлик 17-августтан онлайн окутууга даярдык боюнча сунуштамаларды вебинар аркылуу ЖОЖ жана колледждердин өкүлдөрүнө тааныштырат.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *