23-сентябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын биринчи отурумун өткөрдү.

 

Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, жыйынга штабдын курамына кирген министрлик жана мекемелерди, Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери катышты.

 

Марат Иманкулов эч кандай шылтоо менен шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүгө жол берилбей турганын айтты. Бардык мамлекеттик органдар адилеттүү жана таза шайлоону өткөрүүгө күч-аракетин жумшап, мыйзам бузууларга ыкчам чара көрүүгө чакырды.

 

«Мамлекеттик кызматкерлер өз ыйгарым укуктарын добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этүү же кол алдындагыларды тигил же бул талапкердин пайдасына мажбурлоо максатында пайдаланса, анда алар ээлеген кызматына карабай иштен кетирилип, алардын аракеттеринде кылмыштын курамы болсо – кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Мыйзамды бузууга эч кимге уруксат берилбейт», — деди Марат Иманкулов.

 

Кайсыл бир партия жана талапкердин пайдасына бюджеттик тармактын кызматкерлери – мугалим, дарыгер, социалдык кызматкерлер жана квартал башчыларын пайдаланган фактылар аныкталган учурда, укук коргоо органдары тарабынан катаал чаралар көрүлөт.

 

Жыйынтыгында республикалык штабдын иш планы бекитилди.

 

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Үгүт иштери 29-октябрда башталат.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *