Ишкерлерди колдоо, коргоо максатында жыл башында чыккан жарлыктардын көбү аткарыла элек. Мындай пикирин Кыргызстандагы ишкерлердин эл аралык кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал кечээ, 16-ноябрда өткөн Антикоррупциялык ишкердик кеңештин биринчи жыйынына катышканын белгилеп, мындай аянтчалар ишкерлердин орчундуу маселелерин президентке жеткирүүгө шарт түзүп берип жатканын белгиледи.

«Ал эми бул багытта аткарылып жаткан иштерге баа берүүдөн азырынча карманып турат элем. Коррупцияны жоюу жаатындагы иштер кандай жүрүп жатканын эл аралык рейтингдерге карап эле билип койсок болот. Мисалы, Transparency International уюмунун туруктуулук, ачык-айкындык рейтингинде Кыргызстан 5 жылдан бери 120-орунда турабыз. Февраль, марттагы жарлыктарды ала турган болсок, андагы беренелердин көбү аткарыла элек. Көп жакшы регулятивдик реформалар, жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүү, санариптештирүү, бирдиктүү тергөө органын киргизүү деген сыяктуу ыкмалар каралган. Бирок алардын көбүнчөсү аткарыла элек», — деди ал.

Ал ишкерлерди колдоого, коргоого багытталып жазылган жаңы мыйзам долбоорлорунун арасында талаш жараткандары да бар экенин кошумчалады. Бирок жарлыктын жыйынтыгы катары Финполициянын, Антикоррупциялык кызматтын жоюлганын белгиледи.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *