Алматынын акимчилигинин кызматкерлери октон жаракат алышкан. Бул тууралуу Orda.kz Telegram каналы билдирди .
Такталбаган расмий маалыматка караганда, кеп шаар акиминин орун басары Мухит Азирбаев менен Максат Кикимов жөнүндө болуп жатат. Жабырлануучулар 6-январга караган түнү “Алматы” телеканалынын тартуу тобун коштоп бара жатып жарадар болушкан.
«Алардын көкүрөгүнөн ок тийип жаракат алган. Менин билишимче, алардын абалына эч нерсе коркунуч туудурбайт», – деп билдирет мекеменин шаардык саламаттыкты сактоо кызматынын өкүлү.
Эске салсак, Алматыдагы тополоңдо ошол эле аталыштагы телеканалдын кызматкери каза болуп , дагы бирөө жарадар болгон.
Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын алгачкы күндөрүндө башталган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка шаарларга да жайылган. Өлкөнүн шаарларында абал акырындык менен турукташууда. Интернетке кирүү калыбына келтирилди.
Президент Касым-Жомарт Токаев республикага өзгөчө кырдаал киргизип , өкмөттү отставкага кетирип , Коопсуздук кеңешин жетектеди. Анын өтүнүчү менен ЖККУ өлкөлөрү Казакстанга бейпилдик күчтөрүн жөнөткөн. Ал жакка Кыргызстандан Scorpion спецназдары жөнөтүлгөн .