Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү акыркы кырдаал тууралуу элге кайрылуу жасады. Сөз башында укук коргоо, коопсуздук кызматынын аракети менен мыйзамдык талаага кайтуу аракети жүрүп жатканын, киргизилген өзгөчө абал режими пайдасын бергенин айтты.

— Бирок террористтер мамлекеттик жана жеке менчик мүлктөргө зыян келтирип жатат, жарандарга каршы курал-жарак колдонуп жатышат. Ошол себептүү укук коргоо органдарына жана армияга эскертүүсүз ок атууну буйрудум. Чет өлкөлөр маселени тынчтык жолу менен чечүүнү, сүйлөшүүгө барууну сунуштап жатат. Бул кандай келесоолук? Кылмышкерлер, адам өлтүргүчтөр менен кантип сүйлөшүүгө болот? Куралданган, даярдык көргөн бандиттер менен күрөшүү талабы турду. Аларды жок кылуу керек. Бул иш жакында толугу менен аткарылат.

Казакстандагы мыйзамдык тартипти камсыздоодо жардам көрсөткөнү үчүн ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларына ыраазычылыгын билдирди.

Эскерте кетсек, Кыргызстан Казакстандагы абалды жөнгө салууга көмөктөшүү үчүн 150 аскер кызматкерин, 11 аскердик унаа жана 8 бронетехника жөнөтө турган болду. Мынлай чечимди Жогорку Кеңештин депутаттары 7-январда кабыл алды.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *