Билими:
2001-2006 – М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин (ОшТУ) эл аралык мамилелер факультетинде окуйт, эл аралык мамилелер боюнча адис;
2003-2005 – Ош шаарынын ЖОЖдор аралык аскер факультети, “кенже лейтенант” аскердик наамы;
2006 – Пекин чет тилдер жана маданият университетинин илимий жардамчысы (Кытай);
2008-2010 – Эл аралык мамилелер боюнча магистр даражасы, Цзилинь университети, Кытай, Чанчун (“XXI кылымдын кадрлары” президенттик программасы боюнча);
2012-2015 – Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын финансы укугу боюнча магистратура программасы;
2018 -жылдан азыркыга чейин – Россия Федерациясындагы Болгар Ислам Академиясында “Ислам укугу” багыты боюнча докторантура (Татарстан);
Түндүк-Батыш саясат таануу жана укук университетинин “Юриспруденция” багыты боюнча докторанты, Сиян шаары (КЭР).
Эмгек ишмердүүлүгү:
2004-2005-“M-Vector” изилдөө компаниясында интервьюер;
2006 -жылдын мартынан ноябрына чейин – ОшТУнун Инвестициялар, гранттар жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн менеджери;
2007-2008 – Кытай мамлекеттик туристтик компаниясынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн директорунун жардамчысы;
2011-2012 – КР Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин КЭРдеги соода -экономикалык өкүлү;
2012-2016 – Альянс тоо -металлургиялык компаниясынын аткаруучу директору;
2016 -жылдан азыркыга чейин – фракция лидери, Ош шаардык кеңешинин депутаты.