«Катардагы депутат эмес, кадыр барктуу депутат болуш керек» — Каныбек Абдыгапар уулу.

Саламатсызбы биздин студияга кош келипсиз?

Саламатчылык.

Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз?

Мен аты жөнүм Абдыгапар уулу Каныбек Ош облусунун Чон-Алай районун Чак айылында 1979-жылы төрөлгөм. Билимим жогорку. Кесибим экономист бугалтер. Бүгүнкү күндө Аристе Чон-Алай районун боюнча экспертимин.

Депутаттыка койгонунуздун себеби?
Ал жерге барганда катардагы депутат эмес, кадыр барктуу депутат болуш керек. Менин койгонумдун себеби Чон-Алай да, анын ичинде Чак айылында деле бир топ көйгөйлөр бар. Ошол көйгөйлөрду өз көзүм менен көрүп билип турам. Азда болсо жергиликтүү мааниде көтөрүп чыгып чечкенге аракет кылуу болуп эсептелет.

Кээ бир позициясы жок талапкерлерди бийлик тарабынан сунушталды деген мыштар бар. Сизге эч кандай сунуштар болбодубу?

Жок андай сунуштар болгон жок. Мен өкмөт шайлоо үчүн башка бир максатта кетип жаткан жерим жок. Мен ошол Чак айылындагы көйгөйдү көтөрүп чыгам деп кетип жатам.

Колунан келгени деле, келбегени деле, саны бар сапаты жок болуп кетип жатат. Сиз жашоодо эмне ийгиликтерди багындырдыныз, эмне иштерди аткардыныз?

Мен жана айттым катардагы эмес кадыр барктуу депутат болуш керек деп. Мен райондо биринчилерден болуп «Чон-Алай жаштар кыймылы» деген коомдук бирикме түзүп. Жаштардын потенциалын көтөрүү максатында бир топ иштерди, проект жазуу менен ишке ашыргам. Атап айтсам окуучуларга туура кесип тандоо боюнча, мектепте бала бакчада мугалимдердин потенциалын көтөрүү максатында, жаштар арасында интелектуалдык оюндарды, спорттук иш чаралар, маданий иш чараларды уюштуруп алып барып жүргөм.
Андан кийин 2015-жылдан баштап Аристин Чон-Алай району боюнча эксперти болуп иштеп калдым. Бул жерде мен ар бир айылга чыгып көйгөйлөрүн угуп келип билип калдым. Бир гана Чак айылында эмес райондогу көйгөйлөрдү билип турам. Мен ойлойм ал жерге барып калсам бир эле Чак үчүн эмес, айыл аймактагы маселени көтөрүп чыгып. Ал маселе айыл өкмөт тарабынан бүтөбү, же райондук деңгээлде, же донор тарабынан бүтөбү. Менин түшүнүгүм бар. Акылым жетет чечкенге жана мүмкүнчүлүгум да бар ошолор боюнча иш алып барам.

Азыркы учурда Аристе иштейт экенсиз так даана кылган ишиңизди айтып берсеңиз?

Аристе иштеген азыркы долбоор мал чарбасын өнүктүрүү долбоору деп аталат. Бул долбоор негизинен жайыттар менен иштөө болуп эсептелет. Чон-Алай районуна жалпысынан 46 млн акча келген. Ошонун эсебинен биз Чон-Алай районун ар бир айыл өкмөтүнө, жалпысынан районго 8 техника алдык жайыттарга жайлоолорго көпүрөлөрдү салдык. Бир топ көйгөйлөр чечилди.

Айылыныздын кандай көйгөйлөрү бар?

Бизде көйгөй өзүң билесиң тоо кен тармагын иштетүүчү тагыраагы кайди компаниясы, көмүр кен иштетүүчү, бул жерде негизги көйгөйгө контрольдун (көзөмөлдүн) жоктугу. Келген компаниялар өзүм билемдик менен мыйзамсыз ар кандай учурлар катталып жатат. Максатым насип кылып өтсөм ушуларды контролдоо, тартип дегендей маселелерди көтөрүп чыгуу планымда бар. Андан сырткары биздин айылда жаштар тарабынан түзүлгөн Жаштар фонду бар. Ал жерге дагын ушул кайди компаниясы тарабынан акча бөлүнүп турат. Ушуларды да максаттуу ишке ашыруу, сапаттуу иштерге жумшоо боюнча көзөмөлгө алам. Мындан сырткары Чак айылында Чак Дароот-Коргон жолу бар. Ушул жолдун сапаты өтө начар, ушуну фонддун эсебинен 1 жыл болбосо да 2 жылда асфальт төшөө. Бизде ошол фонд эсебинен кура турган мүмкүнчүлүк бар.
Дагы 1 же 2 көйгөйгө токтоло кетсем. Чак айылынын ички көчө жолдору, аларды кеңейтүү, көбүнчөсү биздин эл айыл чарба, мал чарба менен алектенет. Бүгүнкү күндө бизде дагы дыйкандарга жакындан колдоо көрсөтүшүбүз керек. Мен ойлойм биздин райондо да өнүктүрүү фонду бар. Бул жерде деле 1 топ чоң суммадагы акчалар бар. Ал суммадан айыл өкмөттөр айыл чарба департаменти менен биргеликте өнүктүрүү фонддон жок дегенде 20 млн алып чыгып сапаттуу уруктарды алып келүү го, элге кредитке таркатса эл 1же 2 жылда кризистен чыгып алат эле деген ойдомун. Мындан сырткары мал чарбачылыгы боюнча бизде бүт жергиликтүү пародадагы мал колдонот. Бул боюнча дагы асыл тукум эт багытындагы сүт багытындагы малдарды уюштурсак болот. Бул боюнча бүгүнкү күндө донорлор бар иштеп жаткан. Мен өзүм ушул донордук уюмдарда иштеген үчүн, жолундагы шарттарын дагы билемин. Ушул боюнча дагы ушундай иштерди аракет жасаганды билем.

Төмөндө көп көйгөйлөрдү айттыңыз глобалдуу район эли үчүн ар жыл сайын митинг кылдырган «кайдини» кантип чечсе болот?

Кайди боюнча мен билгенден мыйзамдуу документ боюнча маалыматым жок, бирок бүгүнкү күндө аткарып жаткан ишинде мыйзамсыз иштер бар. Айылдарга барган жекече сүйлөшүүлөр көп болуп жатат, команда, команда болуп ушундай нерселерди токтотуп, жалпы элдин көйгөйүн угуп ачык айкын эл менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп иштерди аткарыш керек. Ар бир кыймыл аракетин ачык айкын көрсөтүп туруш керек.

Төмөндө кредит боюнча айтып кеттиңиз бул кандай бекер таркатылабы же кандайдыр бир пайыз мененби?

Бул эми менин жеке оюм болуп жатат. Өткөндө мен Ош шаарында губернатор менен жолукканда деле ушул сунушум айттым эле. Бул кредит түрүндө пайысыз эмес, кандайдыр бир 1% мененби элге жылдык мөөнөт менен бериш керек. Элдер сапаттуу урук дары дармек менен 1 жыл 2 жыл пайдаланып туруп кайтарып берсе. Элдин өзүнө да мамлекетке да бир топ пайда болуп калмак.

«Ангус» пародасындагы мал боюнча сөз болду. Бул «ангусту» чиновниктер дин багып жүргөнүн көрүп калам, карапайым калктын баканын көрө элекмин да?

Муну айтып жатканым себеби үрөндө деле ушундай болуп жатат. Жаңы сортторун карапайым эл ала албайт акчасы жок, мүмкүнчүлүк бар гана адамдар алып пайдаланып жатат. Карапайым калкка жетпей жүрөт. Малда деле ошондой, мен билгенден Чакта деле 4 же 5 адамда гана бар. Мен муну айттым мен ушул тармакта жүрөм кантип донор табуу кантип ишке ашырууну билем.

Кээ бирлер мектеп курам, асмандагы айды алып берем десе, кээ бирлери дагы башка маселени сиз ушул талапкерлердин глобалдуу маселени чечип жиберем дегендерине ишенесизби?

Бул жерде айылдык кеңештин депутаттарын чектелүү укук милдеттери бар алардын компетенциясына кирген гана маселелер бар. Ошол үчүн менин оюмча булардын маалыматы жок экен. Ошол үчүн чоң-чоң маселелерди көтөрүп жүрүшөт бирок анын дагы эртең отчету бар, ал маселени көтөрүп чыгыш керек деген бар, чечиш керек дегени бар. Ошондуктан биз жергиликтүү гана маселени чечкенге аракет кылсак.

Сизге эркин микрофон?

Жалпы эле талапкерлерге шайлоочуларга кайрылып кетемин агитациялар адилеттүү мыйзам чегинде өтүш керек. Анан шайлоочуларга деле бул жерде айылдык кеңеште, жергиликтүү кеңештин бюджети бар, жергиликтүү деңгээлдеги маселелери бар. Ошону чече турган билген мүмкүнчүлүк бар талапкерлерге добуш беруунуздорду өтүнүп кетемин! Ал жерге барганда катардагы эмес кадыр барктуу депутат болушубуз керек баарыбыз. Шайлоодо татыктуусун тандайсыздар деп ишенем!

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *