Президент Садыр Жапаров кече, 29-августта Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Киров суу сактагычында Бала-Саруу жаңы ГЭСинин курулушуна капсула салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

 

Планга ылайык, ГЭС 2022-жылдын декабрь айында пайдаланууга берилиши керек. Бала-Саруу ГЭСинин кубаттуулугу 25 мегаватт болот. Ал жылына орточо 92 млн кВт/саат электр энергиясын чыгарып турат.

ГЭсти курууга 22,9 млн доллар кетери пландалууда. Ал үчүн каражат Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан алынат.

Бала-Саруу ГЭСинин иши Киров суу сактагычынын сугат режими менен айкалыштырылып, заманбап жабдуулар орнотулат. Плотинанын механикалык жабдуулары модернизация болот.

Ошондой эле Киров суу сактагычына агып келген жана агып чыккан суунун көлөмүн эсепке алуу үчүн жаңы системалар киргизилет.

ГЭСти ата мекендик компания кура турган болууда.

Белгилей кетсек, Киров суу сактагычынын курулушу 1965-жылы башталып, 1975-жылы аяктаган. Анда топтолгон сууну сугат иштери үчүн Талас облусунун тургундары жана коңшу Казакстан колдонуп келет.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *