3-декабрь саат 18:00гө карата Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетендердин 97,07 пайызы маалыматтык серверге киргизилди.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бюллетендер кол менен саналып бүткөнүн, серверге киргизилип жатканын кабарлаган.

Бирдиктүү шайлоо округунан шайлоого 1 миң 6 талапкерден турган 21 партия катышкан.

Добуштардын 97,07 пайызын кол менен саноонун жыйынтыгында төмөнкү партиялар беш пайыздык босогодон өттү:

«Ата-Журт Кыргызстан» — 16,97%,

«Ишеним» — 13,53%;

«Ынтымак» — 10,99%;

«Альянс» — 8,13%;

«Бүтүн Кыргызстан» — 6.94%;

«Ыйман Нуру» — 6,11%.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *