Кооз сөзгө эл ишенбей калды иш жүзүндө далилдеп көрсөттүү туура» деп билдирди Кашка-Суу айылдык кеңешине депутатыкка талапкер Салимбаева Анархан. Бул тууралуу ал өзү chonalay.kg сайтына берген маегинде билдирди.

Саламатсызбы?
Саламатчылык.
Алгач өзүңүз жөнүндө тааныштыра кетсеңиз?
Мен Салибаева Анархан Маматысаевна 1983-жылы 30-ноябрда Ачык-Суу айылында жарык дүйнөгө келгенмин.Алгач ата-энемдин колунда тарбияланып,андан айылдагы Ж.Бөкөнбаев орто мектебинде билим,тарбия алдым.2011-жылы ОГПИ окуу жайынын «Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана усулу» бөлүмүнө тапшырып,аталган окуу жайды 2017-жылы аяктадым.Эмгек жолумду 2012-жылы айылдагы «Жеткинчек Ачык-Суу» мектепке чейинки билим берүү мекемесинен баштадым. Бакчада коомдук иштерге активдүү катышып,чыгармачылык менен изденип иштеп көптөгөн сыйлыктарга жетиштим.Үй бүлөлүү эки кыз,эки уулдун сүйүктүү энесимин.

Депутаттыка талапкерлигинизди коюшка эмне түрткү болду?
Депутаттыка талапкер болуумдун себеби айылымдын келечеги ойлондурду, жана айылдагы аялзатынын активдештирүү түрткү болду.
Айыл жеринде гендердик тең укуктуулук сакталабы? Үй-бүлөнуз депутаттыка койгондугунуздү кандай кабыл алды?
Үй бүлөм жана жакындарым баары туура түшүнүү менен кабыл алышты.
Айылынызда кандай көйгөйлөр бар?
Айта берсең көйгөй көп… «Башка иш келсе, байтал жорго болуптур» дейт. Аттанып чыкканыбыздын себеби да ушул, акыркы мезгилде кооз сөзгө эл ишенбей калды иш жүзүндө далилдеп көрсөттүү туура деп ойлойм.
Программа платформасын элге тааныштырып сөзсүз аткарам деп убада бербестен. Көпчүлүк Өзүнү көргөзмөгө койгон сыяктуу кооз сүрөтү бар. Программасы жок да. Негизи эле сизде программаңыз кандай? Барбы?
Менин платформам.
1)Айылдын экономикалык өнүгүшүнө салым кошуп,инвестицияларды,гранттарды тартууга аракеттенемин.
2)Жергиликтүү бюджетти түзүүдө калкты таза суу менен камсыз кылууга,айылдын жолдорун жакшыртууга,жарык менен камсыз кылууга өз салымымды кошомун.
3)Айылды таза кармоого тарыхый,маданий мурастарды коргоого жана туура пайдаланууга үгүттөймүн.
4)Айылдагы мектеп,бала бакча,оору кана жб коомдук жайлардын ишин жакшыртууга аракет жасаймын.
5) Коомдогу аялдардын тартибин сактоого,аялдардын укугун коргоого,аялдар кеңешинин ишин жандандырууга чоң салымымды кошомун жана уюштурамын.
6) Айылдагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө аракет кылып,коомдук иштерге активдүү катышамын.
7)Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарт түзүп,аялдардын бош убактысын туура пайдаланууга жана жаштар менен иш чараларды,спорттук оюн зоокторду уюштуруп,айылдагы аял затынын ден соолугуна кам көрүүгө даярмын.
Келип маек куруп бергениңизге чоң раазычылык билдирем. Жакшы ой пикириңиз бар экен. Ишке ашышына тилектешпиз. Сизге ийгилик каалайбыз!

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *