Бүгүн, 28-ноябрда эртең мененки саат 08:00дө өлкө аймагында жана айрым чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо башталды.

Добуш берүү кечки саат 20:00дө токтотулат.

Жаңы мыйзамга ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер катышууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2 миң 494 шайлоо участогу уюштурулду. Анын ичинде 59 шайлоо участогу чет өлкөлөрдө, 2 миң 435 тилке өлкө аймагында.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 3 млн 703 миң 420, ал эми бир мандаттуу округдардагы шайлоочулардын саны 3 млн 621 миң 751ди түзөт.

Партияларды шайлоо үчүн жалпы 3 млн 702 миң 646 бюллетень даярдалды. Кыргыз тилинде 2 млн 970 миң 157, орус тилинде 732 миң 489 бюллетень бар. Мындан тышкары 2 миң 494 бюллетень Брайль арибинде жазылды.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча чыгып жаткан талапкерлерге добуш берүү үчүн 3 млн 625 миң 277 бюллетень даярдалды. Кыргыз тилинде 2 млн 928 миң 810, орус тилинде 696 миң 467, Брайль ариби менен 2 миң 435 бюллетень жиберилген.

Былтыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, бийлик алмашып, жаңы Конституция кабыл алынган.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *