Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда кыргыз айыл чарба өндүрүмүн Кытайга экспорттоо, «Торугарт» жана «Эркеч-Там» көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу жүк ташыган унаалардын агымын көбөйтүү, «Түндүк-Түштүк» магистралын аяктоо, Бишкектин жолун оңдоого Кытай Өкмөтү бөлгөн гранттык акчанын сарпталышы сыяктуу маселелер талкууланды.

«Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири катары карайт жана өз ара кызыкчылык туудурган соода жүргүзүүнү өнүктүрүүгө, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар. Биз товар жүгүртүү деңгээлин жогорулатуубуз зарыл. Министрлер кабинети инвесторлордун коопсуздугуна кепилдик берүүгө даяр», — деди Акылбек Жапаров.

Элчи Ду Дэвэнь ар кыл тармактагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого умтуларын айтты.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *