Кыргызстанда 10-май иш күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
9-май – Жеңиш күнү жекшемби күнүнө туш келгендиктен эс алуу күнү кийинки күнгө, тагыраагы дүйшөмбү күнүнө жылдырылмак. Бирок өкмөт ал эс алуу күнүн 30-августка жылдыруу чечимин кабыл алган.
Мындан улам 10-май жумушчу күн деп жарыяланды. Ал эми август айында 4 күн катары менен эс алуу болот. Алар 27, 28-август (ишемби жана жекшемби күнү), 10-майдын ордуна 30-август (дүйшөмбү) жана 31-август – Эгемендүүлүк күнү эс алуу күндөр болуп жарыяланды.
КР Жогорку Совети 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларация кабыл алган. Ага ылайык, Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемендүү, демократиялык мамлекет деп жарыяланган.