«Кыргызнефтегаз» ишканасына Нургазы Нишанов жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан билдиришти.

Ишкананын мурдагы жетекчиси Мелис Тургунбаев башка ишке өткөнүнө байланыштуу өз арызы менен кызматтан кеткен.

Нургазы Нишанов 1983-жылы Жалал-Абад шаарында туулган. Билими жогорку, 2007-жылы Ош мамлекеттик университетин юрист адистигинде аяктаган.

Алгачкы эмгек жолун жеке ишкер катары баштаган. 2013-2014-жылдары «Кыргыз турак жай-коммуналдык чарба» мамлекеттик ишканасында директордун орун басары, 2014-2015-жылдары Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты, төрагасы, 2015-2017-жылдары Жогорку Кеңештин VI чакырылышына «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат, 2017-2020-жылдарда «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасында башкы директор кызматтарын аркалаган.

2020-жылы парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясынан талапкер болгон. Буга байланыштуу башкы директор кызматын өткөрүп берген.

Белгилей кетсек, «Кыргызнефтегаз» ишканасынын 85% акциясына Мамлекетттик мүлк фонду, 15% акциясына жеке тараптар ээлик кылат. Толук кандуу менчикке өтө турган ишканалардын тизмесине бул мекеме да киргизилген.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *