Министрлер кабинети Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдында Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борборун түзүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, чечим эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган.
«Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин карамагындагы бөлүм болот», – деп белгиледи министрлер кабинети.