Министрлер Кабинетинин чечими менен анын уставдык капиталына мамлекеттин 100% катышуусу менен «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коому түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Компаниянын түзүлүшү инвестицияларды тартуу, эл аралык корпорациялар менен өз ара аракеттенүү, биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча чараларды ыкчам жана өз алдынча ишке ашырууга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө. Мамлекеттин атынан бирдиктүү акционердин болушу жарандарга жана инвесторлорго ийгиликтүү өнүгүүгө кепилдик берет жана тобокелдиктерди азайтат.

«Компаниянын ачылышы ошондой эле бизнестин заманбап шарттарына байланыштуу милдеттердин бүтүндөй комплексин чечүүгө мүмкүндүк берет, анын ичинде оперативдүү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, бизнестин инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, өндүрүштүк чыгымдарды азайтуу жана тобокелдиктерди башкаруу. Компанияны түзүүнүн негизги милдеттеринин бири — жылдык жана кварталдык отчеттор аркылуу туунду ишканалардын ишмердүүлүгүнөн жана өздүк ишмердүүлүгүнөн түшкөн финансылык ресурстарды эффективдүү жана ачык бөлүштүрүү», — деп айтылат билдирүүдө.

Жаңы ААКтын уставдык капиталы 1 млрд сомду түздү.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *