Жогорку Кеңеш Казакстандагы кырдаалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аскер жөнөтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Twitter баракчасына жазды.

Сунуш биринчи жолу добушка коюлганда 55 депутат колдоп, өтпөй калган. Кайра добуш берүүдө 69 депутат колдоп, чечим кабыл алынганын жазды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев белгилегендей, Кыргызстан Казакстанга 150 аскер кызматкерин, 8 бронетехника жана 11 аскердик унаа жөнөтүүнү пландоодо. Кыргыз аскерлери кайсы обьектилерди кайтара турганы жана кайсы аймакта кызмат өтөй турганы тууралуу азырынча маалымат жок.

Жамааттык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун мүчөлөрү; Армения 100-300, Орусия 1400, Беларусия 400, Тажикстан 100-200 аскерин жөнөтүү боюнча чечим кабыл алган.

Эскерте кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин митингдер өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Массалык нааразылык акцияларынан улам Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол койгон. Ошондой эле Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келип, өлкө боюнча өзгөчө абал режими жарыяланган.

Кийин Токаев ЖККУга жардам сурап кайрылган. Уюм Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрдү жиберүү чечимин кабыл алды. 6-январда эртең менен Казакстанда көптөгөн талап-тоноолор жана курмандыктар катталган.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *