Илон Масктын SpaceX Starlink интернет спутниктери Кытайда нааразычылыктарды жаратты. Бул тууралуу  Reuters агенттиги билдирди.

Кытай бийликтери Бириккен Улуттар Уюмунун Космос мейкиндиги боюнча башкармалыгына арыз менен кайрылды, анткени алардын космос станциясы Илон Масктын SpaceX учурган Starlink спутниктери менен кагылышуудан качуу үчүн траекториясын өзгөртүүгө аргасыз болду.

Космос станциясы Starlink спутниктери менен кеминде эки жолу «кагылышууга жакын» болду, деп билдирди Бээжин. Окуялар 1-июлда жана 21-октябрда болгон. Кытай космостук келишимге катышкан бардык мамлекеттерге алар космостогу мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдардын иш-аракеттери үчүн эл аралык жоопкерчилик тартышы керектигин эскертүүнү суранды.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *