Президент Садыр Жапаров журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда журналисттердин коомду агартуудагы ролу чоң экендигин белгилеп, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубат жашоо каалаган.

«Өнүгүүнүн демократиялык жолун тутунган Кыргызстандын коомдук турмушунда болуп жаткан окуялар менен көйгөйлөр ачык-айкын чагылдырылмайын, өлкөбүздү илгери сүрөө кыйын. Ошондуктан, биз айкын коомду куруу максатыбыздан тайбайбыз. Бул максатты ишке ашырууда өз ой-пикирин айтууга жана басма сөз эркиндигине болгон укуктар жаңы Конституцияда бекемделгендиги жалпыбызга маалым. Бийлик менен элди маалымат айдыңында байланыштырып, көпүрөлүк милдетти аркалаган басма сөз кызматкерлери өлкөбүздүн эркиндигин, демократиялуулугун жана ачык-айкындыгын чыңдоого салым кошуп келе жатышат» , — деп айтылат куттуктоосунда.

Президент ошондой эле коомчулукта ынтымакты сактоого өбөлгө болуу менен бирге, коомдук талапты тереңден түшүнгөн, жаңы багыт, жаңы идея, жаңы көз караштагы кабарларды даярдаган алдыңкы журналисттердин орду өзгөчө экендигин белгилеген.

0

Автор публикации

не в сети 1 месяц

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *