УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын экс-министринин сөзүнө жооп кайтарды. Ал чек ара байланыштуу кайым айтышуу боюнча Фейсбук баракчасына пикир калтырды.

Камчыбек Ташиев буга чейин тажик тарап менен болгон сүйлөшүүлөр тууралуу айтып, анда чек араны чечүүдө Ворух анклавын алмашуу болорун айткан: «Биринчиси, биз мыйзам чегинде анлавдын чек арасын өлчөйбүз, ал мындан ары өспөйт жана Ак-Сай айылын айланып өтө турган жолду берүүгө макулбуз. Экинчиси катуураак: биз Ворух анклавын алмашууга даярбыз. Эгер алар бизге ушул анклавдын аймагын, 12 миң гектар жерди калтырышса, биз Баткен облусунун башка райондорунан Лейлек жана Баткен райондорунан 12 миң гектар жер бөлүп берүүгө даярбыз. Биз ошол аймактардын тизмесин да бердик. Бирок азырынча тажик тарап жооп кайтара элек», — деп билдирген.

Андан көп өтпөй, Тажикстандын ТИМинин мурунку жетекчиси Хамрохон Зарифи өзүнүн постунда Ворух боюнча пикирин билдирип, Ташиевге сын айткан.

«Бул чала саясатчы сүйлөшүү процесстеринин эрежелерин, этиканы жана башка өлкөнүн делегациясына урмат-сый менен мамиле кылуу керектигин эске албай, өзүнүн Ак үйүнө болгон жортуулу сыяктуу тажрыйбаны башка эгемен өлкөгө колдонуп көрүүнү чечти. Тажик жеринде какап-чакап калбагай эле. Мас достор биргеликте кезектеги мыйзамдуу шайланган президентти кууп салгандай, Тажикстандын аймагы Ташиев секирип өткөн Ак үйдүн тосмосу эмес», — деп жазган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев буга жооп катары: «Тажикстандын бир аксакалы Хамрохон Зарифи мамлекеттер аралык чек ара маселеси боюнча мага нааразычылыгын жазган экен. 

Мен эмне кылдым? Мен өкмөттүк делегациянын башчысы катары Ворух анклавынын чечими боюнча сунуштарыбызды кесиптешим, урматтуу Саймумин Сатторовичке эки тараптын делегациясынын мүчөлөрүнүн катышуусунда тапшырдым, болду.

Анан эмне үчүн Хамрохон аксакал өтө жаман жооп кайтарып, өзүнүн маданиятынын төмөндүгүн жана душмандык мамилесин көрсөтөт, же менин өлкөмдүн кызыкчылыгын коргобогон алардын сунуштарына макул болбой койгондуктанбы? Кандай гана болбосун, мен бардыгын жакынкы коңшубуз Тажикстан элине достук мамиледе болууга чакырам, ар кандай чагымга алдырбоону суранам, Кудай буюрса, баары жакшы болот!» — деп билдирген.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *